Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кулагы жакшы укпаган жана дүлөйлөр арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды.
Мэриядан билдиришкендей, эркин күрөш боюнча кадеттер бөлүмүндө 65 килограмга чейинки салмакта Артур Акопян алтын медалга ээ болду. 55 килограмга чейинки салмак категориясында Тариел Садырбеков күмүш медаль тагынды. 48 килограмга чейинки салмак категориясында Арлен Уланов жана 71 килограмга чейинки салмак категориясында Бексултан Сабыралиев үчүнчү орунду ээледи.
Чоңдор арасында 74 килограмга чейинки салмак категориясында Адилет Жапаркулов алтын медалдын ээси болду. Ал эми Алмазбек Исаков 65 килограмга чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды.
Дүйнө чемпиондугу 3-сентябрда башталып, 11-сентябрда жыйынтыкталды. Турнирге жалпысынан дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 250дөн ашык спортчу, Кыргызстандан 16 балбан катышты.