Суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алды

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга лицензия жеңип алганын Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

23 жаштагы спортчу 2023-жылы Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта олимпиадалык стандартты аткарган. 22-июлда Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, жарым финалга чейин жетип, Кыргызстандын рекордун 59,91 секундга көрсөткөн. Эртеси жарым финалда ал өзүнүн жыйынтыгын жакшыртып, бирок финалга чыга алган жок – 59,78 секунд. Бул аралыкта лицензия алуунун стандарты 59,79 секундду түзөт.

20-сентябрда Сууда сүзүү боюнча эл аралык федерациясы Петрашов Франциядагы оюндарга жолдомо утуп алганын расмий тастыктады.