Суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских Доха шаарында (Катар) өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Мелдеш 2-18-февраль күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Курама команда башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат. Мелдештин жүрүшүндө жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.