Сууда сүзүү боюнча Елизавета Печерских Париж олимпиадасына жолдомо алды

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Елизавета Печерских Парижде өтө турган олимпиадага жолдомо алды. Спортчу эркин стилде 50 метр аралыкка сүзөт.

Буга чейин сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов биринчилерден болуп Олимпиадага жолдомо алган эле.