Сүйүнчү! Кыргызстандык мушкер Орусиянын бокс боюнча чемпионун утуп Hardcore FC чемпиону аталды (видео)

Бүгүн, 26-июнь күнү Москвада өткөн Hardcore Fighting Championship чемпиондугунда кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов Hardcore FC лигасынын чемпиондук курун жеңип, башкы байге — жаңы BMW автоунаасына ээ болду.

Москва шаарында өткөн муштум урушунда 22 жаштагы кыргызстандык «Кыргыз» каймана аты менен таанымал Самат Абдырахманов атаандашы Орусиянын бокс боюнча чемпиону, өзүнөн оор салмактагы Лендруш Акопянды 4-раундда нокаут менен утуп, Hardcore FC чемпиондук куруна ээ болду.

22 жаштагы «Кыргыз» аталган Самат Абдырахманов буга чейин 6 ирет катары менен утушка ээ болгон.

Hardcore FC — Орусиядагы муштум урушундагы ири спорттук турнир. 2020-жылы түзүлгөнү менен популярдуулугу артып, дүйнөдөгү промоушендердин арасында 3-орунда. 2 жылдын аралыгында Hardcore FC лигасында 50 турнир өткөрүлгөн. 2021-жылы Орусиянын Спорт министрлиги муштум урушун расмий спорт түрү катары кабыл алган.