Таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугунан кыргызстандык сопртчулар байгелүү кайтышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Таэквондо федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 29-31-июль күндөрү Нидерландынын борбору Амстердам шаарында өткөн дүйнөлүк чемпиондукка Кыргызстандын атынан 13 спортчу барган. Алардын арасынан байгелүү орун алгандар:
1-орун — Ким Диана (45 килограмм салмакка чейин)
2-орун Хегай Владимир (50 килограмм салмакка чейин)
1-орун —Аскарбеков Искак -(60 килограмм салмакка чейин)
2-орун — Асаналиева Айканым (50 килограмм салмакка чейин)
2-орун Рыскулова Алтынай (55 килограмм салмакка чейин)
2-орун Прибытков Артём (76 килограмм салмакка чейин)