Таиландда өткөн турнирде ИИМдин кызматкери жеңишке жетти (сүрөт)

ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

7-марттан 12-мартка чейин Таиланддагы Бангкок шаарында аралаш мушташ боюнча «ONE LUMPINE» аталыштагы турнир болуп өттү. Ага Кыргызстандан Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкери, милициянын улук прапорщиги Саламат Орозакунов катышкан. Бул турнирде ал 84 килограмм салмак категориясы боюнча чыгып, атаандашын жеңип, жеңүүчү аталды.