Тарыхта биринчи жолу! Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнөлүк биринчиликте коло медаль алды

«Жакшы жаңылыкты бөлүшөйүн дедим. Дзюдочу Эрлан Шеров кечээ, 22-майда 107 мамлекеттин ичинен дүйнөлүк биринчиликте коло медаль алды. Бул тарыхта биринчи жолу болуп жатат». Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров билдирди.

Балбан Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Ал 90 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал чечүүчү мелдеште 2022-жылдагы дүйнөнүн вице-чемпиону, италиялык спортчуну жеңди.