Ташиев Испанияда жаш футболчулар менен көрүштү

Испанияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Барселонада өтүп жаткан таланттуу футболчулардын машыгуу жыйынына барды.
Жыйындын катышуучуларынын арасында Жалал-Абаддын «Барселона» академиясынын тарбиялануучулары — 2014-жылкы жаш кыргызстандык футболчулар Айдар Акимбеков менен Юнус Саидмохиддинов болушту. Бул жаш оюнчулар дүйнө жүзү боюнча «Барселона» академиясынын филиалдарынан таланттарды аныктоого багытталган престиждүү программага катышуу үчүн тандалып алынган. Жыйынга катышуу жаш таланттарга баалуу тажрыйба алууга жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. КФБ жетекчиси жаш футболчуларга ийгиликтерди каалап, мындай демилгелер футболчулар үчүн эл аралык жетишкендиктерге жол ачып, күчтүү оюнчулардын өсүп чыгышына салым кошоорун белгиледи.