Ташиев жаштар курамасынын машыгуусуна баш бакты

Кечээ, 30-майда Улуттук футбол академиясынын оюн тааласында өткөн Кыргызстандын U-23 жаштар курамасынын машыгуусуна Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев баш бакты.
Бир күн мурун окуу-машыгуу жыйынын баштаган жаштар курамасы учурда УФАнын базасында жайгашып, машыгууларын эки маал жана эки тайпага бөлүнүп өткөзүүдө. Жыйындын башкы максаты курамабыздын ушул жылдын сентябрь айында өтө турган 2026-жылкы Азия Кубогунун квалификациялык оюндарына даярдык көрүү.