Ташиевдин кызы бир оюнда 3 гол киргизди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 10 жаштагы кызы Сумая Барселонада болгон бир оюнда 3 гол киргизип, өзүнүн өнөрүн дагы бир ирет көрсөттү. Бул тууралуу «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына маалымат бөлүшүп, видео жарыялады.