Ташиевдин уулу европалык клубдардын бирине чакыруу алды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын «Леванте» футболдук клубуна чакыруу алды. Бул тууралуу Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«15 жаштагы кенже уулум Эмир-Хан «Паоло Росси» академиясында бир жарым жыл окуду жана Италиянын «Перуджа» футболдук клубунда жарым жыл ойноду. Эми Испаниянын «Леванте» футболдук клубунун кароосуна чакыруу алды жана биринчи жолу чет өлкөгө мен жок кетип жатат. Уулум, сага бардык жакшылыктарды каалайм, сен «Ла Лигада» ойногон биринчи кыргыз футболчусу болосуң деп үмүт кылам», — деп жазды Ташиев.

«Леванте» футболдук клубу 1909-жылы негизделген. Учурда бул футболдук клуб Испания чемпиондугунун жогорку лигасында (Ла Лига) ойнойт.