Ташиевдин уулу улуттук курамада биринчи беттешин өткөрүшү мүмкүн

“Барселона” клубунда тарбияланып жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев 6-июнда улуттук курамада биринчи беттешин өткөрүшү мүмкүн.

Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына жана 2027-жылкы Азия Кубогунун июнда өтө турган тандап алуу оюндары үчүн даярдыктын алкагында өтө турган жыйынга кураманын кеңейтилген тизмесин жарыялады. 33 оюнчудан турган курама 27-май – 4-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Беттештерге болгон билдирмеге 23 гана оюнчу кирет, акыркы тизме 3-июнда белгилүү болот.

Улуттук курама тандап алуу оюндарынын алкагында 6-июнь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Малайзияга каршы кез келет. 11-июнда Омандын борбор калаасы Мускат шаарында Оман улуттук курама командасы менен ойнойт.