Ташкент марафону: Жеңил атлетика боюнча курама команда 3 алтын, 1 күмүш жеңди

Бүгүн, 27-март эл аралык Ташкент-2022 ШКУ марафону өтүп, жеңил атлетика боюнча улуттук курама команда 4 медаль жеңди.
Марафон (42 чакырым 195 метр) аралыгында эркектер арасында Илья Тяпкин 2 саат 21 мүнөт 39 секунд көрсөткүчү менен алтын медаль жеңди. Ал эми ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Гулшаной Сатарова 1-орунду ээледи. Жарым марафон (21 чакырым 97 метр) аралыгында эркектер арасында Нурсултан Кеңешбеков 1 саат 4 мүнөт 13 секунд көрсөткүчү менен алтын медалдын ээси болду. Ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Мария Коробицкая күмүш медаль тагынды. Жарым марафон аралыгында ошондой эле Айтпай уулу Бердигул 4-орунду ээледи.