Ташкентте улуттук курама Оман менен беттешет. Жаңыртылган курам

20-июнь күнү саат 19:30да (Бишкек убактысы боюнча) Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн Кыргызстан — Оман беттеш өтөт.

Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында Кыргызстандын Улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы 23 оюнчуну чакырды. Фархат Мусабеков Ооганстан (1) жана Иран (1) курамалары менен беттеште, эки сары айып кагазын алды. Буга байланыштуу ал автоматтык түрдө плей-офф раундунун кийинки беттешине катышуудан четтетилет.

Кечээ, 17-июнь күнү Ташкент шаарында CAFA Nations Cup 2023 эл аралык мелдешинин «A» тайпасында жыйынтыктоочу оюн күнүнүн алкагында Түркмөнстан-Оман жана Өзбекстан-Тажикстан беттештери орун алды. Бул оюндар Кыргызстан курамасынын турнирдин көңүл жубатуучу финалындагы каршылашын аныктамак. Биринчи оюнда Оман курамасы 2-0 эсеби менен утса, экинчи беттеште талаа ээлери 5-1 эсеби менен өздөрүнө ишенимдүү жеңишти камсыздашты.
Ошентип, өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген Өзбекстан жана Иран курамалары финалда беттешет. Тайпада экинчи орунду камсыздаган Кыргызстан менен Оман курамалары турнирдин коло медалдары үчүн орун ала турган оюнда кез келет. Аталган беттеш 20-июнда Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда өтөт.