Таяк тартыш боюнча Кыргызстандын курама командасы 7 алтын, 10 күмүш жана 17 коло медаль жеңди.
30-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкектеги “Газпром балдарга” спорт комплексинде таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп, анда 22 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышты. Мелдештер чоңдор, жаштар жана ардагерлер арасында өтүп, ата мекендик спортчулар жалпы 7 алтын, 10 күмүш жана 17 коло медаль жеңди.