«ТОКИО-2020». Айпери Медет кызы финалга чыга албай калды. Эми ал коло байге үчүн күрөшөт

«ТОКИО-2020». Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиаданын жарым финалында атаандашы америкалык спортчу Аделина Мария Грей менен таймашып, 2:3 эсебинде утулуп калды. Айпери Медет кызы эми Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшөт. Мелдеш эртең, 2-августта, өтөт.

Эске салсак, Айпери баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңген.
Ал эми чейрек финалда россиялык олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп жарым финалга чыккан.