«Токио-2020». Айпери Медет кызы коло үчүн күрөштө утулуп, 5-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медалга ээ боло алган жок. Ал оюнду кечээ, 1-августта эркин күрөш боюнча 76 килограммга чейинки салмакта баштаган.

1/8 финалдык беттеште Медет кызы Риодогу Олимпиада оюндарынын коло байге ээси казакстандык Эльмира Сыздыкова менен беттешип, 8:1 эсебинде ири жеңишке ээ болгон. Чейрек финалда кыргызстандык Лондон олимпиадасынын чемпиону орусиялык Наталья Воробьева менен беттешип, биринчи мезгилде 12:0 эсебинде эрте жеңишке жетишти.

Жарым финалдык жолугушууда Медет кызынын атаандашы дүйнөнүн беш жолку чемпиону жана дүйнөлүк рейтингдин лидери америкалык Аделин Мария Грэй болду. Кыргызстандык 2:3 эсебинде утулуп, финалга чыга алган жок. 2 -августта коло медаль үчүн болгон беттеште Медет кызы түркиялык Ясемин Адарга каршы күрөшүп, утулуп калып, 5-орунду алды.