«Токио-2020». Акжол Махмудов финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты. Спортчу бүгүн, 2-августта 77 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде өнөрүн көрсөттү. 

Махмудовдун биринчи атаандашы тунистик Маафи Ладжед болгон, аны кыргызстандык 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Махмудов азербайжандык Рафиг Гусейнов менен беттешип, 9:1 эсеби менен жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык Армениядан келген Карапет Чалян менен беттешип, финалга жолдомо алды. Алтын үчүн күрөштө анын атаандашы венгриялык Тамас Лоринц болмокчу. Бул беттеш 3 -августта өтөт.