«Токио-2020». Балбан Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды

Gr 87kg Viktor LORINCZ (HUN) df. Atabek AZISBEKOV (KGZ)

Кыргызстандык грек-рим күрөшчүсү Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасында коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды.

Ал бүгүн, 3-августта грек-рик күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган.

Азисбеков биринчи беттешин дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган венгриялык Виктор Лоринцге каршы өткөрдү. Анын жыйынтыгында венгриялык спортчуга 6:1 эсебинде жеңилип калды.

Лоринц кийинки беттеште немис балбанын жеңип, жарым финалда египеттикти жеңип финалга чыкты.

Мунун аркасында Азисбеков коло үчүн мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Ал 4-августта жубатуучу беттештин биринчи раундунда германиялык Денис Максимилиан Кудла менен беттешет.