«ТОКИО-2020» Олимпиада оюнунда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча катышып жаткан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы, казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8-0 эсеби менен жеңди. Айта кетсек, чейрек финалда Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен күч сынашат. Ал эми кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы алгачкы атаандашы, казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсеби менен жеңип алды. Медет кызы чейрек финалда Олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьева менен беттешмекчи. Эске салсак, «ТОКИО-2020» Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат.
«ТОКИО-2020».Балбандар Жоламан менен Айпери алгачкы атаандаштарын жеңип, чейрек финалга чыгышты
- Categories: СПОРТ
Related Content
Токтогул шаарынын борбордук стадиону реконструкциядан өтөт
Автор
СЕРЕП МЕДИА
19:01 18.05.2024
Жеңил атлетика боюнча спортчулар Олимпиадага лицензия алышты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:52 13.05.2024
Балбан Айаал Лазарев Олимпиадага лицензия утуп алды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:48 12.05.2024
Үзүр Жусупбеков Олимпиадага лицензия утуп алды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
08:03 11.05.2024
Жеңиш кубогу-2024: "Ынтымак" - чемпион болду
Автор
Алтынай Тынышова
20:55 09.05.2024