«Токио-2020». Дзюдочу Владимир Золоев мелдешин аяктады

Токио шаарында Олимпиада оюндары уланып жатат. Кыргызстандык Владимир Золоев болсо мелдештерин жыйынтыктады. Дзюдочу 27-июлда 81 килограмм салмакка чейинкилер арасында мелдешин баштаган. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал 1/16 финалдан баштап, орусиялык Алан Хубецов менен беттешти.

Негизги 4 мүнөт ичинде жеңүүчү белгилүү болгон эмес. Бирок бул учурда Золоев 2 жолу эскертүү алды. Андан кийин кыргызстандык спортчу активдүүлүгүн баштап, атаандашына пассивдүүлүк үчүн эскертүү берилди. Бирок кошумча убакыттагы 48-секундда Золоев моңголиялык калыс тарабынан дагы бир жолу — үчүнчү эскертүүнү алып, муну менен мелдештен четтеди. Эми ал медаль үчүн күрөшө албайт.