«Токио-2020». Эрназар Акматалиев алгачкы беттеште жеңилип калды

Токиодо Олимпиада оюндары уланып жатат. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев бүгүн, 6-августта килем үстүнө чыгып, атаандашынан жеңилип калды.

Эрназар Акматалиев 1/8 финалда индиялык Бажранг Пуний менен кез келди. Эгерде Индиянын спортчусу финалга чейин жетсе, анда Эрназар Акматалиев коло байге үчүн көңүл жубатуучу мелдешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат.