«Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары Жапонияга бүгүн, 27-июлда учуп кетишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Олимпиадага жолдомо уткан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Атабек Азизбеков жана эки машыктыруучу Японияга учуп кетишти.
Алгачкылардан болуп, 1-августта саат 08:00дө, 60 килограмм салмакка чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 килограмм салмакка чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков беттешет. Ал эми 3-август күнү саат 08:00дө, 87 килограмм салмакка чейин Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.