«Токио-2020». Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду

Олимпиада оюндарына катышып жаткан балбан айым Мээрим Жуманазарова бүгүн коло медалга ээ болду. Кыргызстандык спортчу алгачкы беттешин кечээ, 2-августта өткөргөн. Анын атаандашы болгариялык Мими Николова Христова болгон.

Жуманазарова атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, бирок 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Ал эми нигериялык спортчу жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип, финалга чыккан. Муну менен ал Мээримге жубатуучу беттеште коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Бүгүн, 3-августта жубатуучу оюндардын биринчи раундунда кыргызстандык балбан азербайжандык Элиса Манолова менен кармашып, жеңишке жетти. Коло медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова Монголиянын спортчусу менен беттешип, аны 10:1 эсебинде жеңди.