«Токио-2020». Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчу Үзүр Жусупбеков жубатуучу беттешке чыгып, коло медаль үчүн күрөшөт. Ал грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.

Жусупбеков 1/8 финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Анын жыйынтыгында Армениянын спортчусу Жусупбековду 4:1 эсебинде жеңип алган.

Андан кийин Армениянын спортчусу дагы 2 атаандашын жеңип, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жусупбеков жубатуучу беттешке чыгат.

Коло медаль үчүн беттеште Жусупбеков Финляндиянын спортчусу менен кармашат.