Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулардын тизмеси

Алматы шаарындагы грек-рим күрөшү боюнча турнирде кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дагы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Ал 77 кг чейинки салмактагылар арасында беттешке чыккан. Жолдомо алуу үчүн спортчулар финалга жетиши керек болчу.

Акжол Махмудов беттешин 1/4 финалда баштап, Палестинанын өкүлү Рабие Халилди 11:0 эсебинде жеңген.

Жарым финалда Индиянын спортчусу Сингх Гурприт менен күч сынашып, 8:2 эсебинде утту. Бул жыйынтык финалга чыгууга жана Олимпиаданын жолдомосун алууга шарт түздү. Ал эми финалда Япониянын өкүлү Шохей Ябику менен беттешет.

Ушул эле турнирде буга чейин Жоламан Шаршенбеков финалга жетип, Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Бул Кыргызстан үчүн сегизинчи жолдомо.

Буга чейин жолдомо алган спортчулар:

  • Жоламан Шаршенбеков