Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турчу делегациянын курамы

23-июлда Токиодо Олимпиада оюндары башталат. Былтыр коронавирус пандемиясы курч болгонуна байланыштуу оюндар бул жылга калтырылган.

Япониядагы Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары оюндардын ачылыш аземин спортчулардын салттуу парады жок өткөрүүнү чечишти. Мындай чечим 15-июлда ЭОКтун президенти Томас Бахтын катышуусундагы өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жыйынында кабыл алынды. Ачылыш аземи Улуттук олимпиадалык стадиондо болот.

Белгиленгендей, уюштуруу комитети жана ЭОК биринчи кезекте спортчулардын ден-соолугун сактоо үчүн чараларды көрүүдө. Ошондуткан Олимпиаданын ачылыш аземине катышуучулардын санынын чектелиши коронавирустун жайылуусунун алдын алуу менен да байланыштырышууда.

Жылдын негизги спорттук мелдештерине жиберилген Кыргызстандын спорт делегациясынын курамы:

Жетекчилер:

Саламат Эргешов — Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы катчысы, миссиянын башчысы;
Чолпон Жумагазиева — Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин кызматкери;
Нурлан Исмаилов — Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы;
Марат Аскарбеков — Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Спортчулар:

Айсулуу Тыныбекова, аялдар күрөшү (62 кг);
Мээрим Жуманазарова, аялдар күрөшү (68 кг);
Айпери Медет кызы, аялдар күрөшү (76 кг);
Эрназар Акматалиев, эркин күрөш (65 кг);
Узур Жусупбеков, грек-рим күрөшү (97 кг);
Атабек Азисбеков, грек-рим күрөшү (87 кг);
Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү (77 кг);
Жоломан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү (60 кг);
Дарья Маслова, марафон, жеңил атлетика;
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика (1500 м);
Каныкей Кубанычбекова, ок атуу (пневматикалык мылтык, 10 м);
Денис Петрашов, сууда сүзүү (100, 200 м, брасс менен сүзүү);
Роман Петров, фехтование (шпага);
Владимир Золоев, дзюдо (81 кг);
Бекдөөлот Расулбеков, оор атлетика (96 кг);
Айаал Лазарев, грек-рим күрөшү (120 кг).

Машыктыруучулар жана дарыгерлер:

Виктор Суровцев, ок атуу;
Александр Черных, фехтование;
Азат Эркимбаев, грек-рим күрөшү;
Улук Карачолоков, грек-рим күрөшү;
Бактыгүл Алишева, дарыгер;
Константин Еремич, массажист;
Абдужалил Юнусов, дзюдо;
Евгений Петрашов, сууда сүзүү;
Өмүржан Молдодосов, оор атлетика;
Камбар Токтоналиев, оор атлетика;
Нурбек Изабеков, аялдар күрөшү;
Байгазы Кенжебаев, аялдар күрөшү;
Татьяна Борисова, жеңил атлетика;
Сатыбек Чокаев, жеңил атлетика;
Руслан Маджинов, эркин күрөш;
Сүймөнкул Табалды уулу, эркин күрөш;
Кабыл Макешев, пресс-атташе.

Федерациянын өкүлдөрү:

Шаршенбек Абдыкеримов — Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Президенти;
Канат Аманкулов — КР УОКтун биринчи вице-президенти;
Жолдошбек Көлбаев — Азия дзюдо федерациясынын вице-президенти;
Мелис Турганбаев — Азия күрөш федерациясынын вице-президенти.