Төрөхан Багынбай уулу грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль алды

Кыргызстандык Төрөхан Багынбай уулу грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңип алды.

Турнир ушул күндөрү Сербияда өтүүдө. Багынбай уулу Gi дисциплинасында 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал катары менен 3 жеңишке жетип, финалга чыкты.

Чечүүчү кармашта кыргызстандыктын атаандашы испаниялык балбан болду. Беттеште испаниялык жеңүүчү аталып, Багынбай уулу күмүш байгеге ээ болду.