Кыргызстандык Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду

Кыргызстандык Тынар Шаршенбеков Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль алды. Турнир ушул күндөрү Улан-Батордо өтүп жатат.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 63 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, беттешти 1/4 финалдан баштаган.

Турнирдеги биринчи беттеште кыргызстандык Индиянын өкүлүн, андан соң өзбекстандык спортчуну жеңип алган. Финалда Шаршенбековдун атаандашы казакстандык Мирамбек Айнагулов болду. Кыргызстандык 1:3 эсебинде утулуп жаткан, бирок ал атаандашын ийинге салып жыгылтып, алтын медаль тагынып, Азия чемпиону аталды.

Бул медаль Кыргызстан үчүн бул Азия чемпиондугунда биринчи болду.