Тыныбековага тапшырылган үйдүн тагдыры бир жылдан ашуун убакыттан кийин чечилди

Балбан Айсулуу Тыныбековага тапшырылган үйдүн тагдыры бир жылдан ашуун убакыттан кийин чечилди. Кечээ Бишкек шаардык кеңеши спортчуга муниципалдык үйдү кайтарымсыз иретте өткөрүп берүү токтомунун долбоорун жактырды.

Ошентип кыргыз тарыхындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча алгачкы дүйнө чемпиону Москва көчөсү, 191 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү муниципалдык үч бөлмөлүү батирге ээ болду.

Ал батир үйдүн сертификатын 2019-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишинен кийин Айсулуу Тыныбековага тапшырган эле. Бирок кийин кыймылсыз мүлктүн муниципалдык менчикте турары ачыкталган. Бул батир үй экс-мэр Нариман Түлеевдин соттун чечиминен кийин конфискацияга алынган кыймылсыз мүлктөрдүн бири.