UFC: Антонина Шевченко техникалык нокаут менен жеңилип калды

LAS VEGAS, NEVADA - OCTOBER 02: In this handout photo provided by UFC, (R-L) Antonina Shevchenko of Kyrgyzstan punches Casey O'Neill of Australia in their women's flyweight bout during the UFC Fight Night event at UFC APEX on October 02, 2021 in Las Vegas, Nevada. (Photo by Jeff Bottari/Zuffa LLC via Getty Images)

Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко бүгүн, 3-октябрда UFC Vegas 38 турниринде австралиялык Кейси О’Нилл менен беттешип, анын экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңилип калды.

Бул 36 жаштагы кыргыз мушкеринин катары менен экинчи жана карьерасындагы төртүнчү жеңилиши, тогуз жолу жеңишке жеткен. Анын 23 жаштагы атаандашы 2021-жылы 3 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетти.

Антонина — UFC чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.