UFC мушкери Валентина Шевченко чемпиондук курун кайрадан сактап калды

Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко кайрадан чемпиондук курун коргоо үчүн октагонго чыгып, жеңишке жетишти.

Аталган UFC беттеши 22-ноябрда Америка кошмо штаттарынын Лас-Вегас шаарында өттү. “Ок” деген каймана атын дайыма далилдеп келе жаткан мушкер бул ирет беттешке бразилиялык Женнифер Майяга каршы чыгып, жеңишке жетти. Беттештин аягы салттуу түрдө “ок” кыздын лезгинка бийи менен жыйынтыкталды.

Ушуну менен ал 4 — ирет чемпиондук наамын коргоду. Буга чейин Валентина Шевченко польшалык Йоанна Еджейчик, америкалык мушкерлер Жессика Ай жана Лиз Кармуш менен беттешкен.

Ушул эле беттештер сериясында Валентинанын эжеси Антонина Шевченко дагы октагонго чыгып, Ариана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңди.