UFC президенти Дана Уайт Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун үчүнчү ирет беттешерин тастыктады.
«Биз реванш өткөрүшүбүз керек. Биз муну жасайбыз — бул туура иш. Бул болушу керек болгон күрөш, ооба», — деди Дана Уайт маалымат жыйынында.
Шевченко менен Грассонун экинчи беттеши 17-сентябрда UFC Fight Night 227 турниринде өтүп, алардын беттеши тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми Шевченко калыстын чечими менен макул болгон эмес. Кийин кыргызстандык спортчу үчүнчү беттеш болсо — Кыргызстанда, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө өтсө калыстык болорун айтып, UFCге сунуш киргизген.