UFC: Шевченко Грассо менен үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады

Валентина Шевченко Кыргызстандагы UFC уюмунун алкагында Алекса Грассо менен үчүнчү беттешүүнү сунуштады.

Спортчулардын ортосундагы беттеш 17-сентябрда өтүп, тең чыгуу менен аяктаган. Бул жыйынтыктын аркасында Грассо мурда Шевченкодон алган чемпиондук титулун сактап калды.

«Кыргызстанда эгемендүүлүк күнүндө үчүнчү жолу беттеш өткөрүлсө, адилеттүү болмок. Грассо Мексиканын Эгемендүүлүк күнүндө титулун сактап калды. Ал эми UFC Кыргызстанга келүүнү кааласа, алар келет. Аларга өлкөнүн өкмөтү сөзсүз түрдө жардам берет. Менин беттешиме Кыргызстандын өкмөтүнөн адамдар учуп келип, мени колдоп турушту. Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров да ММАны жакшы түшүнөт, анын колдоосу мен үчүн маанилүү», — деди Шевченко MMA Hour телеканалына берген маегинде.