UFC турнириндеги биринчи беттеште жеңишке жеткен кыргыз мушкерин кандай тосуп алышты?

Бишкекте UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулун тосуп алышты. Спортчу келген учак бүгүн эртең менен конгон. 

Бүгүн саат 16:00дө «Дордой Плаза» соода борборунда UFC мушкери күйөрмандары менен жолугат.

19-ноябрда UFC уюмунун турниринде Мыктыбек Оролбай уулу сербиялык атаандашы Урош Медичти муунтуу ыкмасы менен 2-раундда утту. Буга чейин кыргыз мушкери UFC уюму менен 4 беттешке келишим түзгөнү маалымдалган.