Кыргызстандык Валентина Шевченко дагы бир жолу UFC чемпиондугун коргоду.
12-июнда Сингапурдагы UFC 275 турниринин алкагында жеңил салмак категориясы боюнча титулдук беттеш өттү. Шевченконун атаандашы бразилиялык Тайла Сантос болду.
5 мүнөттүк беш раунддун жыйынтыгында калыстар чечим менен жеңишти Шевченкого беришти.