«Улакчыны кулатып…» Көчмөндөр оюндарына Түркияда ижарага алынган аттар талкуу жаратты (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары көк бөрү ойноо үчүн ижара алынган аттан кулаган улакчынын видеосу менен бөлүшүп, «ушул аттар менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кантип улак тартат?» деген суроолорду берип жатышат. Видеодон аттын үркүп, үстүндөгү адамды кулатканын көрүүгө болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Көк бөрү федерациясы менен байланышканда аттар ижарага алынган аттар экенин тастыктады. «Мамлекет тарабынан каржыланган. Бирок Көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнунун расмий мелдеш катары кирүү тууралуу маалыматты түрк тарап кеч бергендиктен, учак маселе жаратып калды», — дешти.

Буга чейин Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү үчүн аттарды ижарага аларын айтышкан.  «Көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнунун расмий мелдеш катары кирүү тууралуу маалыматты түрк тарап кеч бергендиктен, авиакомпаниянын Кыргызстанга кайтып келүү убактысын башкалар алып кетишкен. Андыктан жылкыларды кайра Кыргызстанга алып келүү эки жумадан ашык убакытты талап кылат», — деп түшүндүрүшкөн Маданият министрлигинен.