Улан Алымканов «Алай» футболдук клубунун директору болду

Улан Алымканов «Алай» футболдук клубунун жана Сүйүмбаев атындагы Ош стадионунун директору болду. Бул тууралуу Ош шардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Улан Алымкановду спорт жаатындагы жакшы уюштуруу иштерин эске алып дайындаган. Шаар башчысы ага «Алай» футболдук клубунун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүп, ар бир оюнчуга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.