Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу: «Гол жарата ала турган учурларыбызды пайдалана албай калдык»

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицындын оюндан кийинки билдирүүсү Кыргыз футбол биримдиги жарыялады.
«Оюндун кээ бир учурларында планыбызды ишке ашыра алдык, бирок маанилүү жерлерде концентрациябызды жоготуп, керексиз голдорду өткөрүп жибердик. Тилекке каршы, гол жарата ала турган учурларыбызды да пайдалана албай калдык. Атаандаш чабуулда өтө тез экендигин билчүбүз, аларды алдын алууга аракет кылып жаттык. Бирок стандарттан гол өткөрүп жибергенден кийин, ачык ойноого мажбур болдук, ал атаандашка көбүрөөк мүмкүнчүлүк берди. Буга окшогон тобокелдүү оюн ушундай жыйынтыкка алып келди», — деди ал.

Кечээ, 10-октяюрда «Ак шумкарлар» Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турундагы беттеште Катардын футболчуларына 3:1 эсебинде утулуп калды. Кыргызстандын жалгыз голун Алимардон Шүкүров киргизди.