Жакынкы оюндарга карата улуттук курамага кайсы футболчулар чакырылды? (тизме)

Александр Крестинин башында турган футбол боюнча Улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо турларына даярдык көрүү үчүн чакырыла турган футболчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, негизги тизмеге 25 футболчу кирип, дагы 5 оюнчудан турган кошумча тизме даярдалды. Кошумча тизмеге кирген футболчулар зарылчылык болгон учурда улуттук курамага чакырылышы мүмкүн.

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 30-майда кыска мөөнөттүү окуу-машыгуу жыйынына чогулуп, 2-июнда Япониянын Осако шаарына учуп кетет. Ал жерде 3 беттеш өтөт.

Алдыдагы беттештердин тизмеси:

7-июнь:
Кыргыз Республикасы — Монголия,

11-июнь:
Мьянма — Кыргыз Республикасы,

15-июнь:
Япония — Кыргыз Республикасы.