Умбеталы Кыдыралиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп дайындалды  

Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Умбеталы Кыдыралиев дайындалды. Бул тууралуу аталган комитеттин кезектеги отчёттук-шайлоо конференциясынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Бул кызматка Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев жалгыз талапкер болгон. Ал Бокс федерациясын жетектегенге чейин «Кыргыз алтындын» башчысы болгон.

Ал эми Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти Садыр Мамытов биринчи вице-президенттик кызматка дайындалды.