Ура! Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада коло медаль жеңди

Париждеги Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медаль жеңди.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмактагы биринчи кармашында нигериялык Эстер Колаволе менен беттешти. Тыныбекова аны 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда ал АКШдан келген спортчу менен беттешип, аны да жеңип алды. Жарым финалдык беттеште анын атаандашы украиналык спортчусу болду. Тыныбекова андан 9:2 эсебинде жеңилип калган. Ал 11-августка караган түнү коло медаль үчүн беттешти. Анын атаандашы монголиялык спортчу болду. Тыныбекова аны жеңип алды.