Уран Сатыбалдиев UFC уюмунда беттешет

Кыргызстандык мушкер Уран Сатыбалдиев UFC уюмунда дебюттук беттешин өткөрөт.

Кыргызстандык 6-апрелде эртең менен Лас-Вегаста (Невада, АКШ) өтө турган ESPN: Emmett vs. Murphy боюнча UFC’де беттешет.

Сатыбалдиевдин атаандашы словакиялык Мартин Будай болмокчу. Күрөш оор дивизиондо өтөт. Сатыбалиев жаракатынан улам беттештен чыгып кеткен нигериялык Кеннеди Нзечуквунун ордуна келди.

7-мартта Сатыбалдиев Лас-Вегаста (Невада, АКШ) өткөн LFA 203 турниринде беттешкен. Ал үчүнчү раундда бразилиялыкты жеңип, чемпиондугун коргоп калган.