UWW Мээрим Жуманазаровага быйылкы ийгиликтери үчүн 7 миң доллар сыйлык берет

Олимпиада оюндарында коло медалды багындырган Мээрим Жуманазаровага быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнөн 7 миң доллар сыйлык берилет. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.

Эл аралык спорттук уюм бул жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга эми жыл сайын акчалай сыйлык берилип турат.

Быйыл Жуманазарова Дүйнөлүк рейтинге 2-орунга көтөрүлгөн. Жаңыланган рейтинг Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Кыргызстандык спортчу лидерден 9 упайга артта калган.