V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бүгүн көк пар менен көк бөрүдөн финалдык оюндар өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн, 12-сентябрда жер улак (көк пар) жана көк бөрү боюнча финалдык оюндар өтөт.
Чечүүчү, алтын үчүн беттеште Кыргызстан-Казакстан курама командалары кездешет. Оюндар Астана шаарындагы (Казакстан) “Казанат” аттуу ипподромунда өтөт.
Жер улак (көк пар):
13:30 Кыргызстан — Казакстан.
Көк бөрү:
17:30 Кыргызстан — Казакстан.