Валентина Шевченко азыркы Бишкекти 2 жыл мурунку Бишкек менен салыштырды

«Кыргызстанда көпкө жүргүм келет. Балким бир нече жума же андан да көп убакыт жүрөм». Бул тууралуу UFC чемпиону Валентина Шевченко маалымат жыйында билдирди.

«Менин оюмча Бишкек 2019-жылга салыштырмалуу кеңейиптир. Жаңы имараттар курулуптур. Канча жаңы имарат курулса да, борбордун мурдагы эски шаардай калганына абдан кубанам. Менин оюмча шаар мурда кандай болсо, ошол бойдон калышы керек», — деди ал.

Шевченко акыркы жолу Кыргызстанга 2019-жылы жазында келген. Белгилей кетсек, маалымат жыйынга Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов, Дүйнөлүк Эр Таймаш Федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, Кыргыз Республикасынын Кулатуу федерациясынын президенти Эмил Токтогонов катышты.