Валентина Шевченко бешинчи жолу чемпиондук курун коргоду

JACKSONVILLE, FL - APRIL 24: Valentina Shevchenko of Kyrgystan celebrates after beating Jessica Andrade of Brazil during the Womens Flyweight Title bout of UFC 261 at VyStar Veterans Memorial Arena on April 24, 2021 in Jacksonville, Florida. (Photo by Alex Menendez/Getty Images)

Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында жайгашкан VyStar Veterans Memorial аренасында UFC 261 турнири болуп өттү. Анда Валентина Шевченко бешинчи жолу чемпиондук курун коргоду. Анын бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен болгон беттеши экинчи раундда техникалык нокаут менен жыйынтыкталды.

«Ок» атыккан мушкер салтка айланып калгандай эле лезгинка бийлеп, интервью да берди. Күнөстүү Кыргызстанга салам айтып, мекенинby колдоосун сезип турарын жана күйөрмандарын жакшы көрөрүн айтты.

Валентина Шевченко 2015-жылы аталган уюм менен келишим түзүп, 2018-жылдын декабрь айында Канадада өткөн мелдеште польшалык Йоанна Ежейчикти жеңип, чемпион атыккан. Андан кийин 4 ирет Жессика Ай, Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян жана Женнифер Майяга каршы чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогон. 

Азыр дүйнөдө Валентина Шевченкого тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок.