Валентина Шевченко чемпиондугун бешинчи ирет коргойт

UFC чемпиону, кыргызстандык “Сары кыз” Валентина Шевченко кезектеги беттешин 24-апрелде UFC 261 турниринде 29 жаштагы бразилиялык Жессика Андраде менен өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга UFC уюмунун президенти Дана Уайт билдирген.

«Ок» кайтып келе жатат! Валентина Шевченко өзүнүн титулун эң жеңил салмакта 24-апрелде Жессика Андрадеге каршы чыгып коргойт. Бул UFC 261 турниринин алкагында болорун Дана Уайт билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Шевченко бул ирет чемпиондугун бешинчи жолу коргомокчу. Валентина акыркы жолу чемпиондугун UFC 255 турниринин алкагында Женнифер Майяга каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Азырынча аталган турнир кайсы жакта өткөрүлөрү белгисиз.

Андраде өзүнүн спорттук карьерасында 29 беттеш өткөрсө, анын 21ин жеңген. Акыркысында Кэтлин Чукагянга жеңилүү ызасын тарттырган.