Валентина Шевченко кезектеги көз жоосун алган сүрөттөрүн жарыялады

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко социалдык тармактагы баракчасына кезектеги көз жоосун алган сүрөттөрүн жарыялады.

Мушкер айымдын өзгөчө образдагы сүрөттөрү төрт саат ичинде эле дээрлик 50 миң «жакты»  белгисин алса, 700дөн ашык комментарийди пайда кылган.

Шевченконун соңку беттеши 26-сентябрда Лас-Вегаста өткөн. Ал чемпиондук титулун алтынчы ирет америкалык Лорен Мерфиге каршы коргогон. Шевченко төртүнчү раундда атаандашын нокаут менен жеңип, титулун сактап калган. Турнирдин жыйынтыгында, ал 392 миң доллар алса, Лорен Мерфи 132 миң доллар алган.